Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:12

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы алты жашар баланы зордуктады деген шек менен Барскоон айылынын 16 жаштагы үч тургуну кармалды. Бул тууралуу Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлү Өмүрбек Тамаев билдирди.

Анын айтымында, алты жаштагы бала ушул жылдын апрель айында зордукталган деп шектелүүдө. Учурда кылмышка тиешеси бар деп шектелгендер Караколдогу тергөө абагында кармалып турат.

Кылмышка шектелгендер тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып, акыйкатчыга арыз менен кайрылган. Алар басымга чыдабай кылмышты моюнга алууга аргасыз болгонун айтышкан. Арыз боюнча иликтөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.(BkA/AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG