Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Красноярскиде Навальныйдын штабынын координатору кармалды


Красноярсктагы Навальныйдын штабынын координатору Руслан Руденко.
Красноярсктагы Навальныйдын штабынын координатору Руслан Руденко.

Орусиянын Красноярск шаарында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жергиликтүү штабынын координатору Руслан Руденко кармалып, суракка алынды.

Анын жанындагы үгүт материалдардын бардыгы конфискацияланганын Руденко "Эркин Европа/Азатттык" радиосуна билдирди. Ал эми полиция шаарга экстремисттик мазмундагы материалдар келгени тууралуу кабар түшкөнүн, мындан улам алар Руденкодогу гезиттерди текшергенин билдиришти.

Сурактан кийин Руденко шаардан чыкпоо боюнча тил кат жазып берип, кое берилди.

Оппозициячыл саясатчы Навальный 2018-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого катышарын билдирген. Соңку күндөрү Навальныйдын Москвадагы жана башка бир катар шаарлардагы штабдары тинтүүгө алынып, ал жакта иштеген активисттер кармалган.

Быйыл Навальный жаз айларында Орусиянын бир нече шаарларында өткөн массалык коррупцияга каршы митингдердин башында турган.

XS
SM
MD
LG