Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Пакистандын уруулар аймагында шалга каршы эмдөө башталды


Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, үч күндүк кампаниянын алкагында 350 миңдей бала эмделет.
Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, үч күндүк кампаниянын алкагында 350 миңдей бала эмделет.

Пакистан бийликтери өлкөнүн уруулар аймагында шал оорусуна каршы үч күндүк эмдөө баштады. Мурда бул аймакта коопсуздуктан улам эмдөө ишин жүргүзүү кыйын болуп келген.

Хайбер провинциясына караштуу Жамруд шаарында медициналык кызматкерлер аскерлердин коштоосунда үймө-үй кыдырып, беш жашка чыга элек балдардын баарына эмдөө жүргүзүшүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, үч күндүк кампаниянын алкагында 350 миңдей бала эмделет.

Ал тапта ушул эле уруулар чөлкөмүндөгү Шабкадар районунда жергиликтүү тургундар жолду тороп, маңзаттын ачык сатылышына каршылыгын билдиришти. Нааразылар полиция башкармалыгынан бул чөлкөмдөгү маңзат соодасы менен алектенгендерге жана аткезчилерге каршы чара көрүүнү талап кылышты. Жергиликтүүлөр билдиргендей соңку бир нече жылда героинге ууланып 100дөй адам, өзгөчө жаштар набыт болгон.

XS
SM
MD
LG