Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Депутат Шыкмаматовдун соту уланууда


Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевди колдоо митингинде.
Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевди колдоо митингинде.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, Алмамбет Шыкмаматов баштаган үч адамга козголгон кылмыш иши боюнча жараян уланды. Анда Эсеп палатасынын мурдагы кызматкерлери күбө катары көрсөтмө берди.

Алар Шыкмаматовду жубайынын автоунаасын сатып алуу боюнча буйрук бербегенин билдиришти.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматов, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге ушул жылы 17-февралда кылмыш ишин козгогон.

Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Тендер менен сатылып алынды деген "Мерседес-Бенц-Е" үлгүсүндөгү беш машиненин арасында депутаттын жубайына катталган, баасы жогорулатылган автоунаа болгону жарыяланган.

"Ата Мекен" партиясы жана Шыкмаматовдун өзү бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келет. Иш сотто ар аптанын шейшемби күндөрү каралып жатат. (BkA/SDz)

XS
SM
MD
LG