Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

ЕБ Украина менен макулдашуусун расмий бекитти


Келишим 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Келишим 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.

11-июлда Евробиримдикке мүчө 28 мамлекет расмий түрдө шаркет менен Украина ортосундагы ассоциация келишимин жактырды. Бул ратификация процессиндеги соңку кадам. Кабыл алынышы бир нече жылга созулган бул келишим 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.

Макулдашуу тууралуу келишимге алгач 2013-жылдын ноябрь айында кол коюу мерчемделген. Бирок ошол кездеги Украинанын президенти Виктор Янукович Москванын басымынын алдында келишимден баш тарткан. Бул кадам массалык нааразылык акциялардын тутанышына алып келип, жыйынтыгында Януковичтин бийликтен кетүүсүнө түрткү болгон.

Украинанын азыркы президенти Петро Порошенко келишимге 2014-жылдын июнь айында кол койгон. Бирок документтин толук ратификацияланышын Нидерланддар создуктуруп келди. 2016-жылдын апрель айында өткөн референдумда Нидерланддын калкынын 61% макулдашууга каршы чыккан.

Нидерланддар макулдашууну быйыл июнь айында гана парламенти аркылуу ратификациялады.

XS
SM
MD
LG