Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Украинада кармалган орусиялык чек арачылар камакка алынды


30-июнда Херсон облусунда кармалган орусиялык чек арачылар Аскар Кулуба жана Владимир Кузнецов камакка алынышты. Украин коопсуздук кызматы маалымдагандай, алар өлкөнүн бүтүндүгүн жана кол тийбестигин бузууга аракет кылды деп шектелүүдө.

30-июнда Украинанын чек ара кызмат башчысы Виктор Назаренко орусиялык эки чек арачы кармалганын маалымдаган. Алар машыгуу учурунда чек араны бузгандардын ролун аткарып, бирок адашып калышканын билдиришкен.

Буга чейин да украин бийликтери бир нече жолу аймагына мыйзамсыз кирген орусиялыктарды кармаган. Расмий Киев жана батыш өлкөлөрү Орусияны Донбасстагы жикчилдерди курал менен камсыздайт деп айыптап келет. Москва аймактагы жаңжалга тиешеси жоктугун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG