Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Сирияда орусиялык аскер кеңешчи набыт болду


Орус аскерлери Алепподо. Февраль, 2017-жыл
Орус аскерлери Алепподо. Февраль, 2017-жыл

Сирияда орусиялык аскер кеңешчиси Николай Афанасов набыт болду. Афанасов Хама провинциясында минометтон аткылоонун курмандыгы болгонун "Интерфакс" агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таянып, маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сириядагы аскердик операцияларда жалпысынан отуздан ашуун орус аскери набыт болушту. Reuters агенттиги расмий статистика кеминде төрт эсе азайтылып айтыларын кабарлайт.

Орусия Сирия жаңжалына 2015-жылдын сентябрь айынан тарта аралаша баштаган.

XS
SM
MD
LG