Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:00

Кадамжайда сел жүрдү


Араван районундагы сел. 10-июль, 2017-жыл
Араван районундагы сел. 10-июль, 2017-жыл

Райондун Охна айылында жүргөн селден улам электр мамылары, жогорку чыңалуудагы электр линиясы тартылган карагайлардын кулап жатканы тартылган тасмаларды жергиликтүү тургундар социалдык тармактарга жүктөштү. Алардын ырасташынча, сел жолдорду, короо-жайларды каптаган.

11-июлдун кечинен бери аймакта электр жарыгы өчүп, ичүүчү суу берүү токтотулган. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаал министрлиги да тастыктады. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Авазбек Айтиевдин "Азаттык" үналгысына билдиргени боюнча, сел 11-июлда саат 18 чамасында жүрүп, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында жүргөн:

- Түрдүү кесепеттерди алдын алуу үчүн электр энергиясы мурдараак атайлап өчүрүлгөн. Селден электр мамыларына, суу түтүктөрүнө, жолдорго зыян келтирилген. Биздин адистер сел жүргөн жерге барып, анын кесепеттерин тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Өткөн апта соңунда Араван районунда сел жүрүп, беш үйдү каптап, төрт автоунааны агызып кеткен.

XS
SM
MD
LG