Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Отунбаева жайлоодогу бала бакчалардын иши менен таанышты


Өткөн аптада Кыргызстандын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева баштаган адистер, Нарын, Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорундагы “Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун” ишмердүүлүктөрү менен таанышты. Алар бул борборлордун бала бакчаларындагы балдарга китеп окуу, компьютердик сабаттуулук, интерактивдүү оюндар боюнча сабак өтүп, кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүү боюнча кеп-кеңештерди беришти.

Экс-президентти белгилүү шахмат тренери Съездбек Таштакеев, шахмат боюнча Азиянын үч, Кыргызстандын жети жолку чемпиону, 14 жаштагы Руслан Таштакеев, алты жаштагы чемпион Айжан Таштакеева коштоп жүрүштү. Алар жайлоодогу бала бакчаларда ата-энелердин, балдардын шахматка болгон кызыгуусун дем берип, шахмат боюнча сабак өтүштү.

Жайкысын жайлоого боз үй тигип, балдардын билим, тарбия алышына шарт түзүү идеясы экс-президент Роза Отунбаевага таандык. Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып, бардык облустарды камтууга жетишкен. Башында мындай бала бакчалардын саны 80ден ашуун болсо, кийинчерээк жүздөн ашкан. 2015-жылдан тарта долбоор "Жайлоодогу өнүгүү борбору" деп атала баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG