Бүгүнкү соттук териштирүүдө айыпталуучулардын күбөлөрү көрсөтмө берүүсүн улантышат. 11-июлдагы отурумда "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов көрсөтмө берип, буга чейинки процесстерге күбө катары чакырылган Леонид Маевскийдин, Өмүрбек Абдырахмановдун сөздөрүн четке какты. Ошондой эле ал “Альфа Телеком” компаниясынын учурдагы жетекчиси Азат Базаркулов УКМКда Текебаевге каршы жалган көрсөтмө бергенин айтып чыкты. Мындан тышкары арыз жазгандардын бири Алексей Модин көрсөткөн өкмөт үйүндөгү кабинет Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсү эмес экенин билдирген.
11-июлдагы отурумда айыпталуучулардын адвокаттары судья Айбек Эрнис уулуна төртүнчү жолу ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүштү. Текебаевдин адвокаттарынын бири Канат Хасанов судья Эрнис уулу мыйзамды бузуп, прокуратуранын таламын ачык коргоп жатат деп айтты.