Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Ислам кызматташтык уюмунда Көчмөндөр оюндарын колдоо сунушталды


Көчмөндөр оюну, Кырчын жайлоосу (2014-ж)
Көчмөндөр оюну, Кырчын жайлоосу (2014-ж)

Ушул күндөрү Кот-д'Ивуар республикасында Ислам кызматташтык уюумунун тышкы иштер министрлер деңгээлинде 44-сессиясы өтүп жатат.

Күн тартибинде дүйнөнүн чар тарабындагы мусулман жамаатын жана маданиятын колдоого алуу, эл аралык терроризм, экстремизм менен күрөшүү жана Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясый абалды стабилдештирүү боюнча маселелер турат.

Кыргызстандан жыйынга барган тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова эл аралык мамилелерди чыңдоого, 25-августта Бишкекте өтүп жаткан ак илбирсти коргоого арналган эл аралык форумду колдоого чакырды. Кемелова мындан тышкары Ислам кызматташтык уюмунун мүчөлөрүн кийинки жылы Кыргызстанда өтүүчү III Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын колдоого алууга үндөдү.

Кыргызстанда алгачкы жолу ак илбирсти коргоо форуму 2013-жылы өткөн, ал эми Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылыы Чолпон-Ата шаарында болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG