Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Жээнбеков: АКШ маанилүү инвестициялык өнөктөш


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстон баштаган ишкерлер менен жолукту.

Өкмөт башчы белгилегендей, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп калат.

"АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган. Бул жылдар аралыгында биздин өлкөлөр өз ара мамилелерде белгилүү бир ийгиликтерге жетишти. Биз мамлекеттик деңгээлде тыгыз байланыштарды колдоого алып, экономика жана инвестиция тармактарында кызматташтыкты кеңейтебиз", – деп белгиледи.

Өз кезегинде Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстон АКШнын Кыргызстан экономикасына каражаттарды инвестициялоого кызыкдар болгонун айтты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө бийлиги америкалык инвесторлор менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даярдыгын айтып, жолугушуу Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара экономикалык байланыштарга дем берерине үмүттөнгөнүн билдирди.

Премьер-министр менен жолугушууда инфраструктура, өнөр жай, айыл чарба тармактарындагы ири инвестициялык долбоорлор талкууланды. 11-июлда Бишкек шаарында кезектеги кыргыз-америка бизнес форумунун ачылышы өтүп, ага АКШнын ири компанияларынын өкүлдөрү катышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG