Саясатчы Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда мамлекеттик айыптоочулар соттолуучулардан көрсөтмө алуу өтүнүчүн сотко киргизди. Прокурорлор чакырылган күбөлөр келбей жаткандыктан убакытты созбостон көрсөтмө алууга кирише берүү оң деген пикирлерин билдиришти.
Мындай өтүнүчкө адвокаттар каршы чыгышып, прокурорлор өздөрүнүн күбөлөрүн сотко алып келүүгө кызыкдар болбой жатканын айтышып, сотко прокурор басым кылып жатканын кошумчалашты.
Текебаев өзү бардык күбөлөр сотко келгенден кийин гана акыркы көрсөтмө берерин айтып, азыр көрсөтмө берсе сот эрежеси бузуларын кошумчалады.
- Азыр биздин сотту түз эфирде бардык адамдар көрүп жатат. Мен эгерде көрсөтмө берсем, эртең сотко келчү күбөлөргө мен кандай сүйлөштү үйрөтүп койгон болуп калып жатпаймынбы. Анда мыйзамдын адилеттүүлүгү кетип калат.
Мындан улам сот калган күбөлөрдү соттун келишине камсыздоо үчүн түшкү саат экиге чейин тыныгуу жарыялады.
Буга чейин Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов прокуратура тергөөдө көрсөтмө берген дагы алты адамды сотко алып келбей жатканын айткан. Жактоочу тергөө учурунда прокуратуранын күбөлөрү Текебаевди жактап көрсөтмө берген болушу мүмкүндүгүн айтып, ушундан улам сотко атайылап алып келбей жатканын билдирген.
Бүгүн сот отурумуна калган алты күбөнүн бири - мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев келип, орус ишкерлери Алексей Модин менен Леонид Маевскийди тааныбаганын айтып, бул ишке анын атын кошуу жаңылыштык экенин айтты. Ал айыпталуучу Дүйшөнкул Чотоновду да өмүрүндө бир эле жолу көргөнүн, бүгүн экинчи жолу көрүп турганын билдирди. (SDz)