Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

AI: Мосулдагы салгылашууда гуманитардык укук бузулду


Экстремисттерден тазаланган Мосул шаарынын азыркы көрүнүшү.
Экстремисттерден тазаланган Мосул шаарынын азыркы көрүнүшү.

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Ирак армиясы жана ага колдоо көрсөткөн АКШ башында турган коалиция эл аралык гуманитардык укукту бузган болушу мүмкүндүгүн билдирди. Укук коргоочулардын эсебинде айрым укук бузуулар керек болсо "аскерий кылмыштарга" барабар.

11-июлда жарыяланган уюмдун баяндамасында ошондой эле "Ислам мамлекети" радикал уюмунун кол башчылары тарабынан да гуманитардык укуктар одоно бузулганы жазылат. Мисал катары жихадчылардын жайкын тургундарды тирүү калкан катары колдонгону келтирилген.

10-июлда Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади Мосулдагы жеңиш тууралуу расмий жарыялап, үч жыл мурда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун карамагына өтүп кеткен калаа согушкерлерден тазаланганын билдирди.

XS
SM
MD
LG