Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Сирияда орусиялык аскерий кеңешчи мүрт кетти


Сириядагы орус аскерлери.
Сириядагы орус аскерлери.

Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдагандай, Сирияда орусиялык аскерий кеңешчи набыт болду. 11-июлда мекеме тараткан билдирүүдө капитан Николай Афанасов Хама шаарынын батыш бөлүгүнө жасалган минометтук чабуулда курман болгону жазылган.

Коргоо министрлиги маалымдагандай, Афанасов менен Сирияда мерт болгон орус аскерлеринин саны 32ге жетти.

Алты жылдан бери уланып, 400 миңдей адамдын өмүрүн алган согушта президент Башар Асадга колдоо көрсөтүп, өкмөттүк армияга жардам берүү үчүн Орусия Сирияга аскерий кеңешчилерин жөнөткөн. Ошондой эле Москва 2015-жылдын сентябрь айынан тарта Сирияда аба чабуулдарын баштаган.

XS
SM
MD
LG