Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Трамп Франциянын улуттук майрамына катышат


АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп 12-июлда Францияга эки күндүк сапар менен барышат.

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, Трамп 14-июлда Парижде белгилене турган улуттук Бастилия алынган күндү белгилөө салтанатына катышат.

Трамп ошондой эле Франция лидери Эммануэл Макрон менен жолугуп, Сириядагы жаңжал жана террорчулукка каршы туруу боюнча глобалдык аракеттер жөнүндө сүйлөшөрү күтүлүүдө.

Макрон Трампты "Бастилия алынган күнүн" майрамдоо салтанатына өткөн айда болгон телефондук сүйлөшүү маалында чакырган.

Жакында эле Pew иликтөө борбору өткөргөн сурамжылоого ылайык, француз жарандарынын 14% гана Трамп "дүйнөлүк маселелерди туура чечерине" ишенишет.

XS
SM
MD
LG