Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Навальныйдын штабынын жетекчиси автордук укуктарды бузган деп шектелүүдө


Леонид Волков. 21.4.2017.
Леонид Волков. 21.4.2017.

Орусиядагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын шайлоо алдындагы штабынын жетекчиси Леонид Волков автордук укуктарды бузуп, зыяндуу компьютердик программаларды ойлоп тапкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Красноярск шаардык башкармалыгынын жетекчилиги тараткан маалыматта айтылат.

Навальныйдын Красноярск шаарындагы штабындагы бардык компьютерлер, документтер конфискацияланды. Волков так эмне кылганы маалымдалган жок.

Шаршемби таңда полиция Красноярск шаарындагы шайлоо алдындагы штабын тинтип баштады. Бир күн мурда штабдын координатору Руслан Руденко кармалып, суракка алынган. Анын жанынан табылган үгүт материалдарында экстремисттик мазмун бар-жогу бир ай ичинде текшерилери кабарланды.

Июль айынын башынан бери полиция ар кандай шылтоолор менен бир канча шаарлардагы, алардын ичинде Москвадагы Навальныйдын штабдарын тинтүүгө алган.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальный 2018-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого катышарын билдирген.

XS
SM
MD
LG