Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:16

13-16-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт, айрым жерлерде жамгыр катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

15-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

13-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 23...28;

Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 21..26;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 24...29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27;

Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27 градус болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Аба температурасы түнкүсүн 17...19, күндүз 26...28.

XS
SM
MD
LG