Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Журналисттерди коргоо комитети Шереметтин өлүмү боюнча иликтөөнү сынга алды


Журналист Павел Шеремет.
Журналист Павел Шеремет.

Журналисттерди коргоо комитети журналист Павел Шереметтин өлүмү боюнча тергөө ишин сынга алды. Эл аралык уюмдун баяндамасында Шеремет өлтүрүлгөн бир жыл ичинде тергөө иши алдыга жылбаганы маалымдалат.

Баяндаманын түзүүчүсү, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Кристофер Миллер тергөө өзүнүн башкы версиясы - журналисттин өлүмүнө Орусиянын катыштыгы бардыгы боюнча эч кандай далил көрсөткөн жок. Ошондой эле Миллердин пикиринде кыйыр далилдердин көбү кылмышка украин тараптын да катышы барын көрсөттү.

Бир күн мурда Украинанын президенти Петро Порошенко жакын арада тартип коргоо органдары тергөөнүн жыйынтыгы боюнча коомчулук алдында ачык отчет бериши керектигин билдирген.

Порошенко ошондой эле журналист Павел Шереметтин өлүмүн иликтеген топко эл аралык эксперттерди тартууну сунуштады. Муну менен президент бир жылдан бери иликтенип, жыйынтык чыкпай жаткан тергөө иштеринде жылыш болобу деп ниеттенет.

Павел Шеремет өткөн жылдын 20-июлда машинасына коюлган бомбанын жарылышынан мерт болгон. Теги беларус Шеремет орусиялык жана украиналык маалымат каражаттарында эмгектенип келген. 2008-жылга чейин он жыл бою Орусиянын биринчи каналында “Время” берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген. Ал Орусиянын коомдук телеканалынан 2014-жылы Москва Крымды Украинадан тартып алгандан кийин кеткен. Шеремет Кремлдин пропагандасынан айырмаланган көз карашты карманган журналисттерге ачык эле чабуул жасалып жатканын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG