Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Берлин Siemens компаниясынан түшүндүрмө талап кылды


Siemens компаниясынын газ турбиналары.
Siemens компаниясынын газ турбиналары.

Германиянын бийлиги 12-июлда Siemens компаниясынан Крымга газ турбиналарын жеткирүү боюнча токтоосуз түшүндүрмө талап кылды.

Канцлер Ангела Меркелдин өкүлү Штеффен Зайбер журналисттерге өкмөт бул ишке көз салып жатканын, жана "азыр бардык фактыларды тактоо керектигин" билдирди.

- Бул үчүн жоопкерчилик эң алды менен Siemens компаниясынын моюнунда, - деди Сейберт.

Siemens компаниясы 10-июлда алардын эки газ турбинасы Орусия аннексиялап алган Крымга түшкөнүн ырастаган. 11-июлда немис компаниясы "Ростехтин" курамына кирген "Технопромэкспорт" компаниясына каршы сотко арыз менен кайрылды.

Siemensтин түшүндүргөнүнө караганда алар турбиналарды былтыр Орусиядагы өнөктөш компанияга саткан. Кийин ал турбиналар кайра сатылып, Евробиримдик санкция киргизген Крым аралына жеткирилген.

Кремл болсо Крымда Орусияда чыгарылган тетиктерден чогултулган турбиналар орнотулуп жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG