Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

БУУ Сирияга гуманитардык жардам ташууну жандантты


Раккага кире бериште
Раккага кире бериште

Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасы маалымдагандай, алгачкы гуманитардык жардам Ракканын батышындагы Мансур шаарына 12-июлда жеткирилди. Ал жерде миңдеген качкындар бар.

Башар Асаддын режими июнь айында Алепподон өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Камишлиге карай кеткен жол аркылуу гуманитардык жардам ташууга уруксат берген. Бул шаарда Раккадагы согуштан качкан адамдар топтолгон. БУУнун маалыматы боюнча, быйылкы жылдын апрель айынан бери Раккадан 190 миң киши үй-жайын таштай качкан. Дагы 50 миңдей жай тургундар согуш жүрүп жаткан шаарда кала берүүдө.

Раккага карай жолдордун көпчүлүгү 2014-жылы экстремисттик "ИМ" тобу шаарды ээлеп, Сириядагы халифаттын борбору атагандан тарта жабылган болчу.

XS
SM
MD
LG