Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Токтонасыров КТРКнын саясатына каршы пикетке чыгат


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров коомдук телеканалдын алдына барып, башына кара куту (ящик) кийип, пикетке чыгуу ниетин "Азаттыкка" билдирди:

- Коомдук телеканал деген аталышы болгону менен КТРКдан оппозицияны бир жактуу каралаган берүүлөр кетип жатат. Ошондуктан аларды калыстыкка чакырып, коомдук деген макамына жараша иш алып баруусун талап кылып, пикетке чыгам.

КТРКнын имараты.
КТРКнын имараты.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин оппозициячыл депутаттары жана КТРКнын мурдагы Байкоочу кеңешинин бир катар мүчөлөрү да КТРКнын жетекчилигин маалыматты бир тараптуу чагылдырып жатат деп сындап чыгышкан.

Бирок Коомдук телеканал (КТРК) бир жактуу маалымат берип жатат деген сын пикирлерди азыркы КТРК жетекчилиги четке кагып келет.

Кыргызстандагы 2010-жылдагы экинчи элдик ыңкылаптан кийин мурдагы УТРКга коомдук канал макамы ыйгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG