Орусиянын борборундагы Москва аскердик сотунда мамлекеттик айыптоо саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнө айыпталып жаткан Чеченстан Ички иштер министрлигинин "Север" батальонунун мурдагы аскери Заур Дадаевди өмүр бою эркинен ажыратууну өтүндү. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги билдирүүдө.
Мамлекеттик айыптоо калган соттолуучуларды 17 жылдан 23 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууну жана беш айыпталуучунун ар бирине 200 миң рублдан айып пул салууну өтүндү. Соттолуучулардын адвокаттары болсо актоо өкүмүн талап кылышууда. Дадаевдин жактоочусу сот арачыларын таркатып, жараянды кайра башынан баштоону сурады.
29-июнда сот арачылары Немцовдун өлүмү боюнча соттолуп жаткан беш адамды тең күнөөлүү деп тапкан. Алар — Заур Дадаев, Анзор жана Шагит Губашевдер, Тамерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев. Анда сот арачылары булар кылмыштуу топ катары иш алып барган жана аларга ырайым берилбеши керек деген бүтүмгө келишкен.
Немцовдун туугандары менен тарапташтары саясатчынын өлүмүнө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар экенин билдирип келишет. Ошондой эле алар кылмыштын уюштуруучусу «Север» батальонунун мурдагы командири Руслан Геремеев болгонун айтышкан. Бирок алардын экөө тең суракка чакырылган жок.
Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде белгисиз кишилер тарабынан атып өлтүрүлгөн.