Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

Текебаевдин иши: Роза Отунбаева сотко келди


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна экс-президент Роза Отунбаева келди. Ал бүгүн сотто күбө катары көрсөтмө берет деп күтүлүүдө.

Мындан башка сотто экс-депутат Феликс Кулов жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарынбаев жүрөт.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов сотко күбө катары Убактылуу өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү күбө катары көрсөтмө берүүнү каалап жатканын, жалпысынан 50 чакты адам көрсөтмө берүү үчүн кезекте турганын айткан.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп баалап, ак экенин айтып келишет. (SDz)

XS
SM
MD
LG