Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:39

Коопсуздук кеңешинде жол кырсыктарын азайтуу маселеси каралат


17-июлда Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши кезектеги жыйынга чогулуп, күн тартибинде өлкөдөгү жол кырсыгын азайтуу боюнча чараларды көрүү, жол коопсуздугун күчөтүү тууралуу маселени талкууга алат.

Жыйын президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өтмөкчү. Президенттик аппараттан билдиришкендей, Коопсуздук кеңеши мындан тышкары өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иштин жүрүп жатканын кароого алат.

Буга чейин активисттер Кыргызстанда жол кырсыгынын көрсөткүчү токтобой жатканынан Коопсуздук кеңешинде маселе каралып, мамлекеттин кескин чараларды кабыл алуусун талап кылып келген.

Быйыл жыл башынан тарта Кыргызстандын жолдорунда 2582 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 307 киши набыт болуп, 3 835 адам жараат алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG