Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

Текебаевдин иши: сот президентти күбө катары чакыруу өтүнүчүн четке какты


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда адвокаттар бул иш боюнча президент Алмазбек Атамбаев да күбө катары сотко чакырылып, көрсөтмө берүү өтүнүчүн келтиришти. Бирок сотто төрагалык кылуучу бул өтүнүчтү четке какканы катышуучулардын чуусун жаратты.

Сот отурумунда экс-президент Роза Отунбаева сот жана прокурорлорго кайрылып, "алар өмүр бою президенттин көлөкөсүндө болбосун", "ар бир мыйзамсыз иштери үчүн кезеги келгенде жооп берерин" айткан соң залда отургандар кол чаап жиберишти.

Ошондон кийин судья Эрнис Айбек уулу сот учурунда катышуучулар тарабынан тынчтык сакталбай жатканын жүйө келтирип, мындан ары сот жараянына катышуучулар киргизилбей турганын билдирди. Ал процесске айыпталуучу, адвокаттар жана журналисттер гана киргизилиши керектигин күзөтчүлөргө буйрук кылды.

Буга чейин адвокаттар эки жолу судья Эрнис Айбек уулуна ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бирок сот аны четке каккан.

Учурда сот кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти, анын чечими катышуучуларсыз угузулат.

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу көзү тирүүсүндө 1 млн доллар берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Айыпталуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп бааласа, Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин белгилеп келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG