Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Чолпон-Атанын чыгышындагы ат майданда этно-шаарча ачылды


Чолпон-Атанын чыгышындагы ат майдан I "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" маалында эл аралык оюн-зоок чордону болгон. 10.9.2014.
Чолпон-Атанын чыгышындагы ат майдан I "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" маалында эл аралык оюн-зоок чордону болгон. 10.9.2014.

Уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Бактуу Долоноту айылындагы ат майданда пайда болгон “Этно-шаарча” кыргыздын үрп-адаттарын, каада-салтын конокторго таанытуу максатын көздөйт.

Көл кылаасындагы II "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" калайык купулуна толгон. 4.9.2016.
Көл кылаасындагы II "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" калайык купулуна толгон. 4.9.2016.

Этно-шаарчада эс алуучуларга жергиликтүү өнөрпоздор кыргыз күүлөрүн улуттук аспаптарда жаңыртып турушат.

Андан сырткары улуттук кийимдердин көргөзмөсү өтүп, “Ысык-Көл апалары” тобу келген конокторго улуттук ыр, бийлеринин өрнөктөрүн тартуулайт.

Боз үйлөр тигилген этно-шаарчада улуттук тамак-аштын түрлөрү жасалып, уздар иштеп, усталар узанып, кыргыз кол өнөрчүлүк мурасына таандык тажрыйбаларын көрсөтүп, чет өлкөлөрдөн жана ар кыл дубандардан эс алуу үчүн келген калайыкка эрмек болууда.

Уюштуруучулардын бири, ат майдан жетекчиси Эламан Мамытовдун билдиришинче, бул иш-чара күнүнө кечинде саат 20:00дан 22:00ге чейин өткөрүлүп турат. Этно-шаарча туристтерге жайкы эс алуу сезону бүткөнчө кызмат кылмакчы. (AsM)

XS
SM
MD
LG