Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Аксыда мөндүр менен селдин келтирген зыяны эсептелүүдө


Аксы районундагы сел.
Аксы районундагы сел.

12-июлда Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагында орун алган мөндүр аралаш жааган жамгырдын жана селдин чыгымы эсептелип жатат. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, сел Жыл-Булак бөлүмүндөгү 13 турак үйдүн короо жайларын каптап, Кара-Ой жана Жыл-Булак бөлүмдөрүндөгү сел өткөрүүчү сай кум-шагылга толуп калган.

Кербен - Сары-Челек автоунаа жолунун 4 жеринен таш аралаш шагыл канжолго кулап, автоунаа кыймылына бөгөт жаралды.

Авлетим айыл аймагына караштуу Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сайынан чыккан сел 14 турак үйдүн короо жайларын каптаган жана, анын ичинде, 5 турак үйдүн жер төлөөсүнө кирген. Сел 2 даана электр мамысын кулатып, жараксыз абалга келтирген. Айыл тургундары электр жарыксыз калган.

Кара-Суу айыл аймагына караштуу Топ-Жанак айылында болуп өткөн шамал турак жайлардын чатырларын учуруп, жаңгак дарактарын жыккан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Авлетим, Кызыл-Туу жана Кара-Суу айыл аймактарында Аксы райондук жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан табигый кырсыктын жеринде изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, ӨКМдин Жалал-Абат облустук башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ Аксы районундагы кырдаал боюнча жеринде иш алып барууга жөнөп кетишти. (SDz)

XS
SM
MD
LG