Учурда аймакта жүргөн Рекс Тиллерсондун Катар менен араздашып жаткан Сауд Аравия, БАЭ, Бахрейн, Египет менен сүйлөшүүлөрүндө олуттуу бурулуш болбогону кабарланды. Жиддадагы сүйлөшүүлөрдөн соң кечээ кечинде Кувейтке келген Тиллерсон бүгүн кайра Катарга барары күтүлүүдө.
Араб коңшуларынын араздашуусуна Кувейт дагы өз тарабынан арачылык кылып жатат.
Быйыл 5-июндан тарта дипломатиялык байланыштарын үзүп, транспорттук каттамдардын бардык түрүн токтотуп, Катардын учактары үчүн аба мейкиндиктерин жапкан Сауд Аравия, БАЭ, Бахрейн жана Египет Дохадагы бийликтерди исламчыл экстремисттерди, анын ичинде араб дүйнөсүнүн көптөгөн өлкөсүндө бар “Мусулман агайындар” кыймылын жана Ирандын саясатын колдоп жатат деп айыпташкан.
Коңшулары Катарга алака-катыштын оңолуусу үчүн ал аткарышы керек болгон 13 талаптын тизмесин да беришкен.
Ультиматумдун мөөнөтү бүтөрүнө тушташ Катар аларды өлкөнүн суверенитетине шек келтирүү катары четке каккан эле. Анткен менен шарт-талаптар жөндүү болсо диалогго даярдыгын да билдирген.
Тиллерсондун сапарына тушташ Катар АКШ менен терроризмге жана анын каржылануусуна каршы күрөшүү боюнча макулдашууга кол койду.
Бирок төрт араб өлкөсү бул макулдашуу алардын тынчыздануусун басыш үчүн “жетишсиз экенин” айтышууда. (UE)