Москвада баштапкы инстанциядагы соттун өкүмү бүгүн чыкты. Ага ылайык Борис Немцовду аткан табылган Заур Дадаев 20 жылга, ага көмөктөшкөн деп айыпталган Анзор Губашев 19, Шадид Губашев 16 жылга, Темирлан Ешкерханов 14, Хамзат Бахаев 11 жылга кесилишти.
Буга чейин сот арачылары теги боюнча чеченстандык бул беш адамды тең Борис Немцовдун өлтүрүлүшүнө катышы бар деп тапкан. Алар өздөрү коюлган айыпты четке каккан болчу. Кылмышка катышы бар делген алтынчы адам - Руслан Мухидиновго сырттан айып коюлду.
Соттун кечээги отурумунда прокурорлор Немцовго ок ачкан делген Заур Дадаевди өмүр бою түрмөгө кесүүнү суранышкан.
Орусиянын мурдагы реформачыл вице-премьер-министри, президент Владимир Путиндин жана чечен лидери Рамзан Кадыровдун сынчысы Борис Немцов Кремлдин жанындагы көпүрөдө 2015-жылдын 27-февралынын түнүндө атып өлтүрүлгөн.
Немцовдун үй-бүлөсү жана жакын санаалаштары кылмыштын бети ачылган жок, аны өлтүрүүгө буюрутма бергендердын ысымы аталбады деген ойдо. (UE)