Эртең 14-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28;
Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 21..26;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24;
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24 градус болот.
14-июлда Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү температурасы 15…17, күндүз 26…28 градус жылуу болот.