Президент Петро Порошенко саммитти Украина-Евробиримдик кызматташтыгынын азыркы абалын мактоо менен ачты.
“Туура бир ай мурда, украиналыктар европалык эркиндиктин толук даамын cезип, ЕБге визасыз каттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Муну азыркыга чейин биометрикалык паспорту бар 100 миңден ашуун украиналык колдонду”, - деди Порошенко.
Украин президенти кошумчалагандай, муну менен украиналыктар Киев эмне үчүн ЕБ менен тыгыз кызматташтыкка умтулуп жатканын өз көзү менен да көрүштү.
Порошенко ЕБге Орусияга каршы экономикалык санкцияларды улантып, алар Москва Украина чыгышындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салууну караган Минск келишимин аткармайынча жоюлбай турганын даана ишара кылганына ыраазычылык да билдирди.
Европа кеңешинин президенти Дональд Туск Украинаны ички чатактардан оолак жана биримдикте болууга үндөдү.
Ал эми Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды.
Украина менен ассоциация келишимин Евробиримдик 11-июлда расмий жактырды. Ал 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет. (UE)