Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны “пайдалуу” деп мүнөздөлдү


Йенс Столтенберг НАТО-Орусия кеңешинин олтурумунан кийин. Брюссель, 13-июль, 2017-жыл.
Йенс Столтенберг НАТО-Орусия кеңешинин олтурумунан кийин. Брюссель, 13-июль, 2017-жыл.

НАТО- Орусия кеңешинин жыйыны “пайдалуу” деп мүнөздөлдү.

Мындай мүнөздөмөнү Брюсселдеги бүгүнкү отурумдан кийин НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг берди. Анын айтымында, тараптар Украина, Ооганстан жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча “ачык жана пайдалуу” талкууларды өткөрүштү.

- Орусия алдыдагы "Батыш -2017" аскерий машыгуусу, "НАТО Trident Javelin 2017" машыгуусу боюнча маалымат берди. Мен бул прогресске үмүттөнүп турам. Бул диалог кеңештин келечектеги жыйындарында улантылат. Ошол эле учурда өз эрки менен маалымат алмашуулар Вена документинде каралган милдеттүү ачык-айкындыкты алмаштыра албайт, - деди Столтенберг.

Бирок НАТОнун баш катчысы кошумчалагандай, алар менен Москванын ортосунда Крымдын 2014-жылдагы аннексиясы, Орусиянын Украина чыгышындагы согуштагы ролу боюнча “фундаменталдык пикир келишпестиктер уланууда. (UE)

XS
SM
MD
LG