Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

АКШ Мамкатчысы Перс булуңунан кетип жатып сүйлөшүүлөрдө жылыш бар-жогун айткан жок


Рекс Тиллерсон Сауд падышасы Салман менен кездешкен учур. Жидда, 12-июль, 2017-жыл.
Рекс Тиллерсон Сауд падышасы Салман менен кездешкен учур. Жидда, 12-июль, 2017-жыл.

Рекс Тиллерсон соңку төрт күн бою Катар жана аны менен араздашып жаткан Сауд Арабия, БАЭ, Бахрейн, Египетке арачылык кылууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөр Катарда, Кувейтте жана Сауд Арабияда болду.

Бирок бүгүн Дохага экинчи ирет келип, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Тани менен жолуккандан кийин Тиллерсон кризистик сүйлөшүүлөрдө жылыш бар-жогу тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Быйыл 5-июндан тарта дипломатиялык байланыштарын үзүп, транспорттук каттамдардын бардык түрүн токтотуп, Катардын учактары үчүн аба мейкиндиктерин жапкан Сауд Арабия, БАЭ, Бахрейн жана Египет Дохадагы бийликтерди исламчыл экстремисттерди анын ичинде араб дүйнөсүнүн көптөгөн өлкөсүндө бар “Мусулман агайындар” кыймылы менен Ирандын саясатын колдоп жатат деп айыпташкан.

Коңшулары Катарга алака-катыштын оңолуусу үчүн ал аткарышы керек болгон 13 талаптын тизмесин да беришкен.

Ультиматумдун мөөнөтүнүн бүтүшүнө тушташ Катар аларды өлкөнүн суверенитетине шек келтирүү катары четке каккан эле. Анткен менен шарт-талаптар жөндүү болсо диалогго даярдыгын да билдирген.

Тиллерсондун биринчи сапарына тушташ Катар АКШ менен терроризмге жана анын каржылануусуна каршы күрөшүү боюнча макулдашууга кол койду. Бирок төрт араб өлкөсү бул макулдашуу алардын тынчыздануусун басуу үчүн “жетишсиздигин” айтышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG