Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Кытайда Нобель сыйлыгынын лауреаты Лю Сяобо камакта каза тапты


 Лю Сяобо
Лю Сяобо

Демократиянын белгилүү коргоочусу жана диссидент Лю Сяобо түрмөдөн катуу кайтарылган ооруканага которулгандан бир ай өткөндөн кийин, 61 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Бул маалыматты кытай бийликтери ырастап, боордун рак илдетинен дарыланып жаткан Сяобо соңку үч күн оорукананын реанимация бөлүмүндө жатканын айтышты.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейин Сяобонун каза тапканына байланыштуу жасаган билдирүүсүндө “Кытайдын жана дүйнөнүн укук коргоо кыймылдары өз өмүрүн адам укуктарын тынч жана ырааттуу коргоого арнаган, түрмөгө өз ишенимине бекем турганы үчүн түшкөн принципиалдуу адамды жоготконун” белгиледи.

Лю Сяобону дарылоону сунуш кылган Германиянын юстиция министри Хейко Маас кечээ аны “баатыр” деп атаган болчу.

Гонконгдук активисттер Лю Сяобону эскерип, аза күтүшүүдө. 13-июль, 2017-жыл.
Гонконгдук активисттер Лю Сяобону эскерип, аза күтүшүүдө. 13-июль, 2017-жыл.

Жакында эле укук коргоочуну ооруканада көрүшкөн чет элдик адистер аны башка өлкөдө дарылоо мүмкүнчүлүгүн айтышкан эле.

Эл аралык укук коргоо топтору, Батыш өкмөттөрү, жергиликтүү активисттер кытай бийликтерин Сяобону бошотуп, чет өлкөдөн дарылануусуна жол ачууга чакырышкан.

Бирок кытай бийликтери ал илдети аныкталган май айынын соңунан тарта эле эң мыкты дарыгерлердин кароосунда экенин айтып келишкен.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да башка өлкөлөр ички иштерге кийлигишпөөсү керектигин утур-утур эскерткен.

Лю Сяобо 2008-жылы "Хартия 08" деген документке авторлош болгондон кийин камакка алынган. Анда Кытайда адамдын фундаменталдык укуктарын коргоого жана саясий системаны реформалоого чакырык жасалган эле.

Сяобо 2009-жылы «бузуку ишмердиги» үчүн деп 11 жылга кесилген. 2010-жылы Нобел Тынчтык сыйлыгы Ослодо анын катышуусуз тапшырылган. Лю Сяобо 1938-жылдан бери абакта өлгөн Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаттары арасынан биринчиси болду. (UE)

XS
SM
MD
LG