Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия түнкү убакта мечиттерде азандын үнүн азайтуу тууралуу сунушун муфтиятка берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын башкы адиси Эсенгелди Жумакунов "Азаттык" үналгысына билдирди:
- Бул сунуштарды Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да түшүнүү менен кабыл алды. Учурда алар айрыкча кечки шам, түнкү куптан жана таңкы багымдат намазынын азандарын күндүзгү намаздардын азанына караганда азайтып айтуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул жөнүндө мечиттердин имамдары менен да сүйлөшүлгөн.
Ал эми Бишкек казыятынын өкүлү Расулбек Сариев шаардагы мечиттерге түнкү убакта азандын үнүн азайтып чакыруу тапшырылганын "Азаттыкка" билдирди.
1-апрель күнү Бишкектин борбордук аймагында Махмуд Кашгари атындагы мечит ачылган. Көп өтпөй, мечитке жакын жашаган шаардыктар азандын үнү катуу чыгып жатканын айтып, мэрияга, муфтиятка, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана президенттик аппаратка кайрылышкан.
Мечиттерде катуу айтылган азандын үнү жашоочулардын тынчын алып жатканы буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, үн күчөткүчтөрдү көзөмөлгө алуу сунушталган. Ага ылайык, кечки саат 11ден таңкы 7ге чейин мечиттердеги үн күчөткүчтөрдүн кубаты 40 децибелден ашпоосу керек деген норма сакталбай жатканы айтылган.(ZKo)