Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

HRW ирактык аскерлердин ырайымсыз жоруктарын айтып чыкты


Согушкерлерден бошотулган Мосул. Июль, 2017-жыл
Согушкерлерден бошотулган Мосул. Июль, 2017-жыл

HRW ирактык аскерлер Мосулда согушкерлердин үй-бүлөсүнө ырайымсыз мамиле жасаганын ырастаган видеотасмалар бар экенин билдирди.

Уюмдун билдирүүсүндө айтылгандай, Фейсбукта ирактын аскер формасындагы адамдар кармалган согушкерлердин бирин өлтүрүп, калгандарын ырайымсыз сабап жатканы тартылган тасмалар жарыяланган.

Human Rights Watch уюмунун Ирак боюнча эксперти Белкис Вилле Мосулду бошотуу үчүн күрөштө айрым аскерлер согуш эрежелеринен чыгып кеткенине күбө болгонун маалымдады. Алар операцияны эртерээк бүтүрүү максатында мыйзамсыз иштерге барышты деп маалымдаган Вилле Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абадини бул боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

11-июлда Мосулду бошотуу мезгилинде гуманитардык укуктар бузулганы тууралуу Amnesty International да маалымдаган.

Ирактын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул маалыматтар иликтенерин, айыптуулар жазасын алышарын билдирди.

XS
SM
MD
LG