Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Паспорт столдун кызматкери пара алууга шектелип кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык аракеттердин аныктоо жана алдын алуу чараларынын алкагында, 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Свердлов райондук паспорттук-виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери П.А. кармалды.

Иликтөөдө белгилүү болгондой, ал чет элдик жаранга Кыргызстандын иммигранты деген макам алып берүү үчүн И.К аттуу жарандан акча талап кылган.

Факт боюнча УКМК Кылмыш кодексинин 313-беренесинин 1-пунктунун (акча талап кылуу) жана 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG