Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:23

Тажикстанда Коргон-Төбөдөгү теракт боюнча иш сотко өттү


Тажикстандын Коргон-Төбө шаарындагы теракт иши боюнча тергөө аяктап, сотко өттү. Бул тууралуу Хатлон облустук прокуратурасынан билдиришти.

Облустун административдик борборундагы жардыруу быйыл 12-мартта болуп, технологиялык лицейдин 67 жаштагы кароолчусу Хасанбой Рахмонов аттуу жаран каза тапкан.

Теракт жасоого шектүү катары жергиликтүү беш киши кармалган. Алардын баары «терроризм», «адам өлтүрүү үчүн кол салуу», «жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо» жана «экстремисттик топ түзүү» беренелери боюнча айыпталып жатышат.

Хатлон облустук прокуратурасы бул топ мурда дагы Коргон-Төбөдө жардыруу уюштурганын ырастады. Анда колго жасалган жардыруучу зат «Билайн» байланыш компаниясынын кызматкеринин унаасына жабыштырылган. Бирок ал жардырууда курмандыктар болгон эмес.

Мурдараак Хатлон облусунун укук коргоо органдарындагы булактар кармалган адамдардын «Ислам мамлекети» тобунун тарапташтары болгонун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG