Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев күч органдарын коомдогу туруктуулукту бузуу аракеттеринин алдын алууга чакырды. Мындай билдирүүнү Назарбаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин 25 жылдыгына арналган салтанат маалында билдирди.
"Жаңы геосаясий реалдуулук бизди дайыма кыраакы болууга үйрөттү. Биздин өлкө менен улуттук коопсуздугубуз үчүн эл аралык террордук жана диний-экстремисттик уюмдар тарабынан колдоого алынып жаткан радикал топтордун баш көтөрүүсү олуттуу чакырык болду", — деди Назарбаев.
Мамлекет башчы мындай көрүнүштөргө каршы аёосуз күрөштү бүткүл казак коому чечкиндүүлүк менен колдогонун белгиледи. "Бул ишенимди биз коомдогу туруктуулукту буза турган кандай гана аракет болбосун, алардын алдын алуу боюнча системалар жана натыйжалуу ишмердүүлүктөр менен акташыбыз керек", - деп кошумчалады Назарбаев.
Анткен менен сынчылар Казакстан бийлиги коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен кошо эле айрым учурларда адам укуктарын бузуп, диний эркиндиктерди, ошондой эле ММКлардын эркиндигин чектөөгө барып жаткандыгын айтышууда.