Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:59

Бишкектин Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралууда. Бүгүнкү жараян жүрүшүндө мурдагы юстиция министри, учурдагы Салянованын фракциялашы Алмамбет Шыкмаматов көрсөтмө берди.

Шыкмаматов юстиция министри болуп турганда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышынын мыйзамдуулугу текшерилип, эч кандай мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирди.

“2010-жылы баш прокурор Байтемир Ибраев бул иш боюнча документтерди талап кылган экен. Эч кандай мыйзам бузулбаганы аныкталган экен”, - деди Шыкмаматов.

Ошондой эле экс-министр адвокаттык лицензиясы узартылган учурда Елисеевди кылмышка айыптуу деген соттун чечими болбогонуна көңүл бурду.

Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Аида Салянова муну четке кагып келет. Ишти Бишкектин Ленин райондук соту ар аптанын жума күндөрү териштирүүдө. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG