Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Ислам университети лицензия алды


Кыргызстан ислам университети Билим берүү жана илим министрлигинен кесиптик жогорку билим берүү боюнча лицензия алды. Бул тууралуу аталган университеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, лицензия университке теология багытында жогорку кесиптик билим берүүгө расмий укук берет.

Кыргызстан ислам университети 1990-жылдардан тарта иштеп келет. Бул мезгил аралыгында Билим берүү министрлигинен расмий каттоодон өткөн эмес.

Кыргызстанда диний билим берүүнү жөнгө салуу боюнча демилгелери көтөрүлүп, учурда тиешелүү мыйзам долбоору иштелип жатат. Анда өлкөдөгү диний билим берүү жайларын милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү каралган.(BkA)

XS
SM
MD
LG