Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:14

Мадумаров талапкер катары катталуу үчүн БШКга арыз тапшырды


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Адахан Мадумаровду “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, партиянын 11-июлда өткөн курултайы Мадумаровду президенттикке талапкер катары көрсөтүү чечимин кабыл алган.

14-июлга карата Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына 25 жаран президенттикке талапкерлик арызын тапшырды.

Төрт талапкерди партиялары көрсөттү, калган 21и – өзүн өзү көрсөткөндөр. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG