Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:00

Президенттикке катталууга дагы бир жаран арыз тапшырды


Президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катталууга дагы бир жаран арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 25-талапкер болуп катталууга Нусрет Мамедов аттуу жаран тапшырган. 60 жаштагы Мамедов Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти болуп эмгектенет.

14-июлга карата Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына 25 жаран президенттикке талапкерлик арызын тапшырды.

Төрт талапкерди партиялары көрсөттү, калган 21и – өзүн өзү көрсөткөндөр. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. Кыргызстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG