Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

Экс-депутат Төлөгөновго мамлекеттик адвокат дайындалды


Райкан Төлөгөнов
Райкан Төлөгөнов

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун сотто таламын мамлекеттик адвокаттар коргойт. Мындай чечимге анын адвокаты Сартпай Жайчыбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараянга экинчи жолу келбей койгон соң кабыл алынды. Мамлекеттик айыптоо Жайчыбеков мындай жол менен сотту атайылап создуктурууга аракет кылып жатат деген жүйө келтирди.

Жыйынтыкта сот Төлөгөновго мамлекеттик адвокаттарды дайындады. Адвокаттар иш менен таанышууга кошумча убакыт сурады. Буга байланыштуу сот 20-июлга жылды.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан мурдагы депутат Райкан Төлөгөнов 2010-жылкы мародерчулук боюнча айыпталып, быйыл март айынын этегинде камакка алынган. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Буга чейин Төлөгөновдун жакындары анын саламаттыгы начарлап кеткенин билдиришкен эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG