Бишкекте өнөрлүү балдардын “Ысык-Көл досторун чакырат” Эл аралык этно-карнавалы башталды.
Бүгүн карнавалдын катышуучулары Ала-Тоо аянтынан Жеңиш аянтына жүрүш жасап, Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскеришти. Андан соң Ысык-Көлгө жөнөп кетишет.
Карнавалга Кыргызстан, Индия, Өзбекстан, Орусия, Казакстандан келген өнөрлүү балдар катышып жатат.
Ысык-Көлдө этно-карнавалдын алкагында балдар чыгармачылыгы боюнча эл аралык сынактар өтөт.
Фестивалда балдар бий, ырчылык өнөр, музыкалык аспапта ойноо боюнча ат салышат. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл этно-карнавалга беш өлкөдөн алты жүздөй балдар келген.
Быйыл сегизинчи жолу өтүп жаткан карнавалды Билим берүү министрлиги жана “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору өткөрүп келет. 13-июлда башталган иш-чара 20-июлда жыйынтыкталат. (ZA)