Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Кадыров чечендерге чыккан чечимди сындады


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров оппозициячы Борис Немцовдун өлүмүнө байланыштуу сот чечимин сынга алды.

- Орус коомчулугун тынчтандыруу үчүн эле эч күнөөсүз адамдарга жаза мөөнөтүн беришти. 19-18 жыл деп жоктон эле табышты. Прокурор болсо өмүр бою деп сурап атат, Орусиянын патриоту көрүнгүсү келип. Эгер чеченди өлтүрсө, Москвадабы же башка региондобу ага эч ким көңүл бурбайт, - дейт Кадыров.

Москванын аймактык аскер соту 13-июлда саясатчыны өлтүргөн деп шектелгендерди 11-20 жылга кескен.

Борис Немцов Орусия президенти Владимир Путинди да, Кадыровду да катуу сындап келген. Оппозициячы 2015-жылдын 27-февралында Москвада атылган.

Ошол эле маалда Немцовдун үй-бүлөсүнүн адвокаттары буюртма өлтүрүүнүн артында Рамзан Кадыров өзү турат деп да күнөөлөп келишет. Чечен лидери муну четке кагат.

XS
SM
MD
LG