Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Назарбаев Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишимине кол койду


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүү боюнча протоколго кол койду. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматына таянып маалымат каражаттары жазды.

Буга чейин тиешелүү протоколду казак парламенти жактырган эле. Ага ылайык, бөлүнгөн каражат Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин шартына ылайыкташтырууга жумшалмакчы. Жардам эки транш менен Кыргызстанга которулат. Биринчи транш менен 41 миллион доллар бөлүнүп, бажы тармагына, техникалык жөндөө, транспорттук инсфраструктура, өрт коопсуздугу, саламаттык сактоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, фитосанитардык жана ветеринардык кызматка жумшалат.

Казакстан Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтөрү 2014-жылы эле убада кылынган. Бирок бул жардам создугуп жатканын кыргыз бийликтери билдирип, чек ара бекеттери республикалык бюджеттеги каражатка оңдолгон эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG