Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Иерусалимдеги атышуудан үч адам жараат алды


Окуя болгон жерде Израиль атайын кызматы иштөөдө
Окуя болгон жерде Израиль атайын кызматы иштөөдө

14-июлда Иерусалимдеги атышуудан үч киши жараат алды. Алардын экөөнүн абалы оор.

Маалыматка караганда жоочулар Храм тоосунун жанында полицияга ок ачышкан. Полиция алардын артынан кууп, үчөөнү атып өлтүргөнүн билдирүүдө.

Окуядан кийин Эски шаарга кире турган жолдор жабылды. Ал-Акса мечитиндеги жума намаз да болбой калды.

2015-жылдын сентябрынан бери Палестина тараптан чабуул койгондор 40тан ашуун израилдикти жана үч чет өлкөлүктү өлтүрүшкөн. Ушул эле убакыт ичинде Израилдин коопсуздук күчтөрү 250дөн ашуун палестиналыктарды өлтүрүшкөн. Алардын көбү чабуул койгондор же чабуул коюуга ниеттенгендер деп сыпатталган.

XS
SM
MD
LG