Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:59

Тажикстанда миң тоннадан ашуун товар сапатсыз жана жарамдуу мөөнөтү өткөн деген негизде сатыктан алынды.

"Тажикстандарт" агенттигинин жетекчиси Ибодулло Курбониёндин айтымында, алар негизинен Кытай менен Ирандан келген буюм-тайымдар жана азык-түлүктөр. Арасында томат пастасы, түрдүү таттуулар, жийде жана чай да бар.

Аз күн мурда эле өлкөнүн Бажы кызматы 220 миң долларлык, 300 тонна Иран товарларын конфискациялаган.

"Тажикстандарт" бул чараларды өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин талаптардын жогорулаганы менен түшүндүрдү.

Кытай, Орусия жана Иран Тажикстандын негизги соода өнөктөштөрү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG